СТУДЕНТТЕР АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » СТУДЕНТТЕР АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
13 март 2024
44

СТУДЕНТТЕР АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

СТУДЕНТТЕР АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кулпурган жазды куттуктап,сиздерге ырдан гүл сунсак” аттуу акын-жазуучулар менен жолугушуу кечеси өткөрүлдү.
Кеченин коноктору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана жазуучу Зинакан Пасаңова, акын, ЭЛТР телерадиокомпаниясынын журналисти Жанара Мамадалиева жана жаш калемгер, прозаик Айжана Убайдиллаева болду.
Жолугушууда акындар менен жакындан баарлашуу жүрүп, таланттуу студенттер тарабынан поэзия мүнөттөрү тартууланып, иш чара кызуу талкуу менен коштолду. Мындан сырткары коноктор өз чыгармаларынын таржымалынан кеп козгоп, лирикалык саптары менен көрүүчүлөргө руханий гүл азык тартуулашты.
Жыйынтыгында коноктор тарабынан чыгармачылыкка шыктандырган каалоо-тилектер айтылып, студенттер берген суроолоруна тиешелүү жоопторду алышты.
Белгилей кетсек, аталган иш чара 8-Март-Аялдардын Эл аралык майрамына карата акын-жазуучулар менен жакындан тааныштыруу, китеп окууга чакыруу максатында колледждин мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro