13 март 2024
191
ЖАШ СТАРТАПЕРЛЕРГЕ ДОЛБООРДОН УТКАН ГРАНТТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
ЖАШ СТАРТАПЕРЛЕРГЕ ДОЛБООРДОН УТКАН ГРАНТТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунда окуган жаш стартаперлердин долбоордон уткан гранттары окуу жай тарабынан каржыланып, бүгүн өз ээлерине тапшырылды.
Ага ылайык университеттин ректору Бекмурза Зулуев конкурстан жеңген 3 стартапердин ишкердик жүргүзүүгө керектүү болгон шаймандарын тапшырып, колдонууга берди. Мында грант ээлери Жаркынай Гуламидиновага тигүү машинасы, ал эми Зарина Ураимжанова жана Айкөкүл Замирбек кызына жер-жемиштерди кургатуучу аппараттар тапшырылды.
Мындан сырткары биология адистигинин студенттери “Жашыл теплица” демилгесин презентациялашып, аларга окуу жай жетекчилиги тарабынан жер бөлүнүп берилди. Ошондой эле жаш окутуучулар тарабынан “Географиялык аянтча” демилгеси сунушталып, колдоого алынды.
Белгилей кетсек, октябрь айында Бизнес идеяларды ишке ашыруу борбору, Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Ага Хан фонду менен биргеликте ишмердүүлүктү өнүктүрүү максатында 1 жумалык бизнес окутуу өткөрүлүп, долбоордон уткан грант ээлерине керектүү каражаттар жана материалдар окуу жай тарабынан камсыздала турганын белгилешкен.




