ЖАЛПЫ ОКУТУУЧУЛАРГА ЖАРЫЯ! » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ЖАЛПЫ ОКУТУУЧУЛАРГА ЖАРЫЯ!
14 март 2024
370

ЖАЛПЫ ОКУТУУЧУЛАРГА ЖАРЫЯ!

 

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ, ПЕДАГОГИКА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ АБДЫКЕРИМ МУРАТОВДУН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ АРНАЛГАН «УЛУТТУК НАРКТЫ САКТООДО ТИЛ, АДАБИЯТ ЖАНА ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН РОЛУ, МУРАТОВДУК ОКУУЛАР – 2»  

ДЕП АТАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ТАЖРЫЙБАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫНА КАРАТА ИЛИМИЙ-УСУЛДУК МАКАЛАЛАРДЫН ЖАНА САБАКТАРДЫН ИШТЕЛМЕЛЕРИНИН СЫНАГЫ БОЮНЧА КОНКУРСТУН

ЖОБОСУ

 

         

А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети жана эл аралык конференцияны, педагогикалык окууну уюштуруучулар тарабынан 2024-жылдын 16-майында педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Муратовдун педагогикалык окуусунун алкагында «Улуттук наркты сактоодо тил, адабият жана элдик педагогиканын ролу, муратовдук окуулар – 2» эл аралык илимий-практикалык конференциясын жана илимий-усулдук макалалардын,  сабактардын иштелмелеринин сынагын өткөрөт.  

Конференция илимий-теориялык, илимий-усулдук макалалар жана сабактардын иштелмелери багытында болот.

Конференция жана сынактын жыйынтык жыйыны 2024-жылдын 16-майында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өтөт.

Дареги: 723500. Ош шаары. Н.Исанов көчөсү – 73.

 

Жалпы жобо

  • Бул жободо конференцияга жиберилүүчү кыргыз тили жана адабияты, тарбиялык сабактар боюнча илимий-теориялык, илимий-усулдук макалалардын жана сабактардын иштелмелеринин сынагынын максаты, милдети жана аны өткөрүү тартиби көрсөтүлөт.
  • Сынакты өткөрүүнүн максаты:
  • Өлкөбүздүн аймактарындагы окумуштуулардын, мугалимдердин жана тарбиячылардын илимий мүмкүнчүлүктөрүн, кесиптик сапаттарын, компетенттүүлүгүн, усулдук чеберчилигин өркүндөтүүгө стимул жаратуу.
  • Аймактардагы мыкты мугалимдердин илимий, усулдук жана чыгармачылык иш-тажрыйбаларын педагогикалык коомчулукка таанытуу жана жайылтуу, андан ары өнүктүрүүгө багыт берүү.
  • Педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга шарт түзүү.
  • Чыгармачылык менен иштеп жаткан аракетчил мугалимдердин ишмердүүлүктөрүн моралдык, материалдык жактан колдоо.
  • Педагогикалык адистикте устаттын шакирт даярдоо боюнча бай педагогикалык тажрыйбасын даңазалоо.
  • Мугалимдерди ой бөлүшүүгө, дискуссияга чакыруу.
    • Сынакка катышуу тартиби:
  • Сынакка мектеп мугалимдери, окуу жайларынын окутуучулары, илимий кызматкерлер жана бардык эле каалоочулар катыша алат.
  • Сынакка катышуучулар 2024-жылдын 15-апрелине чейин кыргыз тили жана адабияты сабагы, тарбиялык сааттар боюнча жазылган план-иштелмелерин, илимий-усулдук жана илимий-теориялык макалаларын тапшыруусу керек.
  • План-иштелмелер жана макалалар электрондук вариантта төмөнкү дарекке жиберилет: Ош шаары, Исанов көчөсү, 73, ОМПУ. Илимий макалалар: E-mail zhipara71@mail.ru, osh2012@mail.ru план иштелмелер: dzumabaeva533@gmail.com жиберилет.

Конференция 2024-жылдын 16-майында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде саат 9:00дө башталат.

Байланыш тел: +996 772 753 354 Шербаева Жыпар, +996 772 347 909 Абдивалиев Эмил, +996 772 688 632 Маматова Асылкан, +996 773 124 376 Жумабаева Динара.

Макалаларга жана план-иштелмелерге коюлуучу талаптар:

  • Макалалар кыргыз тилин, кыргыз адабиятын окутуу, элдик педагогика багытында, план-иштелмелер кыргыз тили жана адабияты сабагы жана тарбиялык сааттар боюнча жазылуусу керек.
  • План-иштелмелерде мугалимдин окутуудагы жана билим берүүдөгү жаңылыктары, компетенттүүлүк мамиле, креативдүүлүгү колдоого алынат.
  • Илимий-усулдук макалалар жана план-иштелмелер заманбап педагогикалык технологияларды колдонуу, билим берүү жана тарбиялоо процессин уюштурууга коюлган азыркы талаптарга ылайык иштелип чыгуусу керек. Сабактын иштелмелеринде сабактын максаттары, тиби, түрү, максатка жана мазмунга дал келген структурасы, усулдар жана ыкмалар ачык чагылдырылуусу шарт. Сынактык материалдарынын тематикасы чектелбейт.
  • Сынактан өткөн илимий-теориялык жана илимий-усулдук макалалар «Улуттук наркты сактоодо тил, адабият жана элдик педагогиканын ролу, муратовдук окуулар – 2» эл аралык илимий-практикалык конференциясынын материалдары катары «Окутуунун инновациялык технологиялары» журналына басылманын талаптары сакталганда жана антиплагиат текшерүүсүнөн өткөндөн соң басылып чыгат. Сабактардын иштелмелери илимий макала болбогондуктан журналга жарыяланбайт.
    • Илимий-практикалык конференция төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

Азыркы кыргыз тилин жана мамлекеттик тилди окутуунун маселелери.

Педагогика, психология маселелери жана заманбап тарбиялоо багыттары.

Бүгүнкү билим берүү айдыңындагы артыкчылыктуу багыттар жана баалуулуктар.

Кыргыз адабиятын окутуунун эң актуалдуу маселелери.

Этнопедагогика жана улуттук руханий баалуулуктар, аларды азыркы билим берүү, тарбиялоо процессинде колдонуунун технологиялары ж.б.

  • Журналга жарыялануучу макалаларга коюлган талаптар:
  • Журналга жарыялоо үчүн берилген материалдар журналдын илимий багытына дал келиши, актуалдуу, жаңылык, илимий жана практикалык маанисин камтышы керек
  • Макала орус, кыргыз, англис тилдеринде жарыяланат. Макаланын башында – УДК коюлат. Макаланын аталышы кыска – 5-7 сөздөн ашпашы керек жана аннотациясы 100-250 сөздөн, өзөктүү сөзү 7-15 сөздөн, же сөз айкашынан турушу керек.
  • Журналга жарыяланган макалалар РИНЦтин RU сайтына жайгаштырылат.
  • Журнал башка жерде жарыяланган макалаларды, анын ичинде которулган макалаларды кабыл албайт.
  • Журналдын бир санында бир эле автордун эки макаласы жарыяланбайт.

Макалалар төмөнкүдөй  тартипте жөнөтүлүүгө тийиш: 

1.Текст МS Word форматында А4 терилиши керек,   шрифт Time New Roman, шрифтин өлчөмү 14 кегель, бир жарым интервал менен терилиши  жана 5-7  бет көлөмүндө болуп, беттин узун, туурасы: сол жагынан – 3 см, оң жагынан – 1,5, астынан жана үстүнөн – 2 см, абзац стандартка ылайык болушу  зарыл.

  1. Барактын оң жагынын өйдө жагына автордун аты-жөнү (Ф.И.О.) иштеген жери, кызматы, илимий даражасы, наамы, кыргыз, орус, англис тилдеринде берилет.
  2. Макаланын аталышы (кыргыз, орус, англис тилдеринде) баш тамгалар менен жазылат, макаланын аталышынан кийин чекит коюлбайт (прописной, жирный шрифт менен).
  3. Макаланын авторунун аты-жөнү, темасы, аннотациясы жана түйүндүү сөздөрү кыргыз, орус, англис тилинде жазылышы зарыл.
  4. Тексттин ичиндеги адабияттардын ссылкасы квадраттуу кашаа менен берилип [5, 67], биринчи сан көрсөтүлгөн булактын номерин, экинчи сан бетин билдирет.
  5. Пайдаланылган адабияттар тексттин соңунда библиографиялык талаптарга ылайык берилет.
  6. Макаладагы келтирилген фактылардын, маалыматтардын аныктыгы, жыйынтыктардын жарактуулугу жана илимий деңгээли автордун жоопкерчилигинде.
  7. Макалага рецензия сөзсүз болушу керек, рецензия өзүнүн илимий жетекчисинен эмес, тиешелүү илимдин багыты боюнча белгилүү адистерден алынышы зарыл.
  8. Макалалар авторлор тарабынан кылдат редакцияланышы талап кылынат.

Жиберилген макалалар төмөнкүдөй тартипте таризделет:

 

Мисал:

                                                         УДК....

Жоробекова Калбү Мамбетовна                                                                                                            И.Арабаев атындагы КМУнун магистранты,                                                                                                        Искусство  жана дизайн факультетинин көркөм                                                  сүрөт  жана дизайн кафедрасы, ИЗОм-11-21

 

Тема (кыргызча, эгер макала орусча жазылса, биринчиси орусча, экинчиси кыргызча, анын англисче болот)

Аннотация :  текст текст текст текст текст текст текст текст текст (300 сөзгө чейин)текст текст текст текст текст текст текст текст текст текст текст

Негизги сөз:  текст текст текст текст текст текст текст текст текст (15 сөзгө чейин)

(Жогорудагылар үч тилде берилет)

Текст: текст текст текст текст текст текст текст текст текст текст текст текст текст текст текст текст текст текст.....

                                

                  Пайдаланылган адабияттар

1.

2.

3.

4.

ж.б.

  • Сынактын жыйынтыгын чыгаруу

Сабактын иштелмелери боюнча сынакка катышкан ар бир иш сынактык комиссиянын 3 мүчөсүнүн баалоосу аркылуу аныкталат. Сынактык комиссиянын ар бир  мүчөсү койгон балл кошулуп, жыйынтык балл чыгарылат. Жыйынтык балл болуп орточо арифметикалык балл алынат. План-иштелменин жыйынтыгы боюнча рейтинг таблицасына жазылат (Тиркеме №1)

Сынакта жеңип чыккан мугалимдерге жана башка докладчыларга атайын белектер, сертификаттар берилет.

Сынакты уюштуруу комитетинин курамына «Улуттук наркты сактоодо тил, адабият жана элдик педагогиканын ролу, муратовдук окуулар – 2» эл аралык илимий-практикалык конференциясынын убактылуу мүчөлөрү кирет жана сынактын калыстар тобунун төрагасын, калыстарды тандайт жана бекитет.

Эскертүү: сабатсыз, кыргыз орфографиясынын нормаларына дал келбеген макалалар жана план-иштелмелер сынактан четтетилет.

Ар бир материал жиберген катышуучу сөзсүз түрдө электрондук почтасын, телефон жана WhatsAp номерин көрсөтүүгө тийиш. 

 

 

ТИРКЕМЕЛЕР

 

Кыргыз адабияты сабагынан

 план-иштелме боюнча өткөрүлө турган

сынактын жобосунун  №1 тиркемеси

Сынакка катышкан мугалимдердин  план-иштелмелерин баалоо барагы

Материалды баалоо критерийлери

1 балл

2

балл

3

 балл

1.

План-иштелменин инновациялык усулдар менен жабдылышы

 

 

 

2.

План-иштелменин жаңычылдыгы жана оригиналдуулугу

 

 

 

3.

План-иштелмеде компетенттүүлүк мамиленин берилиши

 

 

 

4.

Максатка жетүү деңгээли

 

 

 

5.

Сабактын ырааттуулугу

 

 

 

6.

Усулдук материалдын иштелип чыгуу сапаты  

 

 

 

7.

Материалды берүүнүн логикалуулугу жана ырааттуу берилиши

 

 

 

8.

Тереңдик жана толуктук деңгээли

 

 

 

9.

Инсанды өнүктүрүү чөйрөсүн активдештирүү жана мотивациялоо аракеттери

 

 

 

10.

Практикалык баалуулук деңгээли

 

 

 

11.

Натыйжалуулук деңгээли

 

 

 

12.

Турмуш жана окуучулардын жеке тажрыйбасы менен байланыштуулугу

 

 

 

13.

Предмет аралык байланыштын болушу

 

 

 

14.

Үй тапшырмасынын берилишинин мазмундуулгу жана кызыктуулугу

 

 

 

15.

План-иштелменин сабаттуу жазылышы

 

 

 

 

Кыргыз адабияты сабагынан

 план-иштелме боюнча өткөрүлө турган

сынактын жобосунун  №2 тиркемеси

 

Кыргыз адабияты сабагынан план-иштелме боюнча өткөрүлө турган сынакта катышуучунун ишинин титулдук баракчасы

 

(Билим берүү мекемесинин толук аталышы)

 

Усулдук план-иштелме

 

______________________________________________________________________________________________________________________________________

(тема)

предмет ___________________________________________________________

 

 

класс ______________________________________________________________

 

(Конкурска катышуучунун аты-жөнү)

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro