ОКУТУУЧУЛАРДЫН ЭМГЕГИН ДАҢКТАГАН “СЕРЕП” ДИЛ МАЕК ПРОГРАММАСЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОКУТУУЧУЛАРДЫН ЭМГЕГИН ДАҢКТАГАН “СЕРЕП” ДИЛ МАЕК ПРОГРАММАСЫ
16 март 2024
41

ОКУТУУЧУЛАРДЫН ЭМГЕГИН ДАҢКТАГАН “СЕРЕП” ДИЛ МАЕК ПРОГРАММАСЫ

ОКУТУУЧУЛАРДЫН ЭМГЕГИН ДАҢКТАГАН “СЕРЕП” ДИЛ МАЕК ПРОГРАММАСЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Сереп” дил маек программасы уюштурулуп, анын алгачкы коногу университеттин окуу бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Абдибалиев болду.
Иш чарага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган окутуучулук жамаат жана студенттер катышты. Ошондой эле Эмилбек Абдибалиевдин үй-бүлөсү, окутуучулары, достору, санаалаштары жана жакындары катышып, иш чара кызуу маек менен коштолду.
Дил маектин алгачкы бөлүгүндө чакырылган коноктор каармандын басып өткөн чыйыр жолундагы эмгектерин, артыкчылыктарын даңазалап, аны менен бирге болгон кызыктуу окуялардан ой бөлүшүп, өзгөчө сапаттарын белгилеп, өмүр жолуна саресеп салуу менен кенен кеп курушту.
Бул менен бирге алыскы жакындарынын да ой бөлүшкөн видео тасмалары көрсөтүлдү. Андан соң программанын экинчи бөлүгү Эмилбек Абдибалиевдин студенттер тарабынан берилген ар тараптуу суроолорго жооп берүүсү менен уланды.
Жыйынтыгында мыкты суроолорду берген катышуучуларга китептер белек кылынды. Ошондой эле жалпы чакырылган конокторго уюштуруучулар тарабынан белектер тапшырылып, саамалык жылуу пикирлер менен соңуна чыкты.
Белгилей кетсек аталган иш чара каармандын ийгилигине назар салып, аны үлгү катары көрсөтүү менен бирге болочок педагогдорго багыт берүү максатында колледждин мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулду.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro