ОшМПУнун КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БИШКЕКТЕ ӨТКӨН ИНТЕНСИВДҮҮ ТРЕНИГГЕ КАТЫШТЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БИШКЕКТЕ ӨТКӨН ИНТЕНСИВДҮҮ ТРЕНИГГЕ КАТЫШТЫ
16 март 2024
26

ОшМПУнун КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БИШКЕКТЕ ӨТКӨН ИНТЕНСИВДҮҮ ТРЕНИГГЕ КАТЫШТЫ

ОшМПУнун КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БИШКЕКТЕ ӨТКӨН ИНТЕНСИВДҮҮ ТРЕНИГГЕ КАТЫШТЫ
16-март күнү ОшМПУнун Пресс-катчысы Айданек Сагынбек кызы жана “Мурас” телестудиясынын диктор-корреспонденти Айсулуу Суюнбек кызы Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети биргелешип уюштурган интенсивдүү окутуу тренингине катышты.
Тренинг жалпы ЖОЖдордун басма сөз кызматкерлерине арналып, иш чара Билим берүү жана илим министри Докдуркүл Кендирбаева, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин деканы Сезаи Мехмет, спикерлер жана 7 дубандан чогулган кызматкерлердин катышуусунда өттү.
Окууда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуусу Гүлзада Станалиева “Кантип мыкты PR текст жазса болот?”, доцент Эрдоган Акман “Кабар жазуу техникаларында жана кабар жазуудагы жаңы тренддер”, медиа эксперт Тагжана Айдаралиева “PR текст ЖОЖдор үчүн”, Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти “Стоп эфир! Эфирде кандай алып жүрүү керек?”, деген темаларда маалыматтарды беришти.
Тренингдин 2-бөлүгүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Басма сөз жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Гөкжан Челик “Социалдык медианы өздөштүрүү, контент жана стратегиянын негиздери”, КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Үмөталиева “Кризис, коркунучпу же мүмкүнчүлүкпү? Кризис маалынданы коммуникация” деген теманын алкагында баяндама жасашып, семинарды жыйынтыкташты.
Соңунда жалпы катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, университеттин “Медиа Манас” борборуна саякат уюштурулуп, катышуучулар студия менен кенен таанышып чыгышты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro