20 март 2024
169
ЖАҢЫЛАНУУНУН ЖАРЧЫСЫ – НООРУЗ МАЙРАМ КУТ БОЛСУН!
ЖАҢЫЛАНУУНУН ЖАРЧЫСЫ – НООРУЗ МАЙРАМ КУТ БОЛСУН!
Бүгүн 21-март Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу маданий майрамдык иш чара уюштурулуп, ага Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жамааты дагы активдүү катышты.
Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, шаар тургундары жана коноктору катышты. Нооруз шаңы маданият тармагынын өкүлдөрү тарабынан даярдалган "Ноорузду даңазалоо" аттуу чоң программадагы концерттик программа менен улантылууда. Ошондой эле борбордук аянттын оң тарабында 7 кыргыз боз үйлөрү тигилип, “Кыргыз шырдак” көргөзмө - жарманкеси да уюштурулду.