Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОКУУ КЕРЕМЕТ ДОЛБООРУ ЖОЖдордо УЛАНУУДА
24 март 2024
113

ОКУУ КЕРЕМЕТ ДОЛБООРУ ЖОЖдордо УЛАНУУДА

USAID Эл аралык өнүктүрүү агенттиги тарабынан түзүлгөн “Окуу керемет” долбоорунун алкагында ЖОЖдо ментордук колдоо программасы ишке ашып жатат.

Ага ылайык ОшМПУнун менторлору Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, п.и.д Жыпаргүл Шербаева жана Зырапа Абдывасиевалар 2 максаттуу кафедранын окутуучуларына тренинг өтүштү.

Тренингге педагогика жана психология кафедрасы менен башталгыч, мектепке чейинки билим берүү теориясы жана усулдук кафедрасынан жалпы 23 окутуучу катышып, алар “Башталгыч мектепте чыгармачыл жазууга үйрөтүү” деген темада жаңы усулдук билимдерге ээ болушту.

Мында катышуучулардын башталгыч мектепте окутуу процессинде окуучулардын чыгармачыл жана күн сайын жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча кесиптик деңгээлин жогорулатуу башкы максат болуп саналат. Ошондуктан тренингде чыгармачыл жазуу деген эмне, анын түрлөрү, көнүгүүлөрү жана бул теманын негизинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча толук  түшүнүктөр берилди. Бул менен катар менторлор балдардын сөз байлыгын кеңейтүү, эс тутумун, логикасын өнүктүрүү, ой жүгүртүү процесстерин түзүмдөштүрүү, жазуучулук маданиятты өнүктүрүү тууралуу да маалыматтарды айтышып, өздөрүнүн усулдук тажрыйбалары менен бөлүшүштү  

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro