24 март 2024
180
ЖАШ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨЧҮЛӨР МЕНЕН ОКУМУШТУУЛАРДЫН ТЕГЕРЕК СТОЛУ БОЛУП ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин, табият таануу-география факультетинде магистранттардын жана студенттердин арасында “Жашыл экономика маселелерин жана билим берүү процессинде туруктуу өнүгүүгө карай билим берүүнү интеграциялоо” темасынын алкагында тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столду факультеттин деканы г.и.д.профессор Ашыр Топчубаев жана магистратура, аспирантура бөлүмүнүн башчысы Нурила Сагынбай кызы ачып берип, жооптуу модератор Гүлзада Сагынбаева иш чаранын программасын тааныштырды.
Иш чаранын жүрүшүндө биология,химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын башчысы х.и.к.,профессор Анарбай Бабеков “Туруктуу өнүгүүнүн максаттары ”деген темада кызыктуу маалыматтарды берди. Аны улай табигый илимдер кафедрасынын башчысы т.и.к.,доцент Асадулло Куйчиев “Жергиликтүү климаттын өзгөрүүсүнө адамдын иш аракетинин таасири” боюнча, б.и.к., доцент Гульмира Долонова “Кыргызстандагы пайдалуу өсүмдүктөрдүн азыркы учурдагы абалы” деген темада кызыктуу маалыматтарды талкуу менен бөлүшүштү.
Ал эми кийинки баяндамаларды факультеттин магистранттары Заир кызы Гулпери “ Мен стрессти башкара алам ” деген темада жана Суюнбек кызы Айзат “Жашоо-дүйнөнүн эң чоң гармониясы” - деген темада башталгыч класстарга билим берүүдө заманбап усулдарды колдонуу аттуу кызыктуу маалыматтарын баяндашты.