ОКУТУУЧУЛАР STEAM БИЛИМ БЕРҮҮ БАГЫТЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОКУТУУЧУЛАР STEAM БИЛИМ БЕРҮҮ БАГЫТЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ
27 март 2024
69

ОКУТУУЧУЛАР STEAM БИЛИМ БЕРҮҮ БАГЫТЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ

ОКУТУУЧУЛАР STEAM БИЛИМ БЕРҮҮ БАГЫТЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучулар үчүн “STEAM жана сынчыл ойлоо стратегиясы" аттуу семинар болуп өттү.
Семинарды Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин (БААУ) ага окутуучусу Данияр Карабаев өтүп, ага университеттин окутуучулары катышып, өз билимдерин жогорулатышты.
Иш чара 3 бөлүктөн туруп, алгачкы бөлүктө STEAMди колдонуу менен студенттерди сабакка кызыктыруунун жолдору, сабактарда коммуникацияны колдонуу, аны окутуу менен бирге сабакты башка предметтер менен интеграциялап окутуунун жолдору жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Аны улай тренер окутуучуларга топтук иштерди аткартуу менен аудиторияны жандандырып, ар бир окутуучу өз предметинде STEAMди түрдүү жолдор менен пайдалана алуусу туурасында ар кандай тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле сынчыл ойлоо стратегиясы боюнча слайд көрсөтүлүп, окутуучуларга Coogle Ngram, Hathi Trust, Vovant платформаларын сабактарда колдонуу жолдору көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, аталган иш чара университеттин Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro