ОшМПУнун ЖАШ СТАРТАПЕРИ ДОЛБООРДОН ГРАНТ УТТУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун ЖАШ СТАРТАПЕРИ ДОЛБООРДОН ГРАНТ УТТУ
28 март 2024
37

ОшМПУнун ЖАШ СТАРТАПЕРИ ДОЛБООРДОН ГРАНТ УТТУ

ОшМПУнун ЖАШ СТАРТАПЕРИ ДОЛБООРДОН ГРАНТ УТТУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунда студенттер үчүн уюштурулган төрт күндүк комплекстүү бизнес-тренинг жыйынтыкталды.
Тренингди Ага Хан фондунун координатору Искендер Кадыров өтүп, ага университеттин жаш окутуучулары жана студенттери катыштты. Мында стартаперлер ишкердикти туура жүргүзүү, бизнес план түзүү, рынокту туура анализдөө, бизнес модел түзүү, атааңдаштыкка жөндөмдүү бизнес идея жарата билүү боюнча кеңири маалымат алышты.
Аталган окуу курстун негизинде бизнес идеялардын сынагы уюштурулуп, ага жалпы 15 стартапер катышты. Жыйынтыгында математика жана компьютердик технологиялар факультетинин 2-курсунун студенти Элиза Болот кызынын “Кондитер” проектиси атайын комиссия тобунун чечими менен тандалып алынды. Аталган грант ээсине керектүү каражаттар жана материалдар окуу жай тарабынан камсыздала турганын белгилешти.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro