29 март 2024
136
ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН УСУЛДУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ
ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН УСУЛДУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Гранттык билдирүүлөрдү кантип жазса болот” аталышында эки күндүк семинар болуп өттү.
Иш чара БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФтин Ош шаарындагы офисинин, EveryChild (Эвричайлд) жана “Ар бир балага үй-бүлө” КФнун программалык кызматкери Айнура Текенова менен биргеликте өткөрүлүп, ага университеттин окутуучулары катышты.
Семинарда катышуучулар долбоор жазуу боюнча теориялык билимдерин бекемдешип, бир топ маалыматтарга ээ болушту. Андан соң гранттык билдирүүлөрдү жазуунун практикалык бөлүгү менен кеңири таанышып чыгышты. Мында окутуучулар өз адистигине тиешелүү темалардын үстүндө практикалык жумуштарды аткарышып, катышуучулрага бул семинар абдан пайдалуу жана таасирдүү болгондугун билдиришти.