Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » КЫРГЫЗСТАН-РОССИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАШТЫГЫ
30 март 2024
135

КЫРГЫЗСТАН-РОССИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАШТЫГЫ

КЫРГЫЗСТАН-РОССИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАШТЫГЫ
КРнын Билим берүү министри баштаган делегация Оруссияда...
2024-жылдын 27-30-мартында Россия Федерациясынын Пятигорск шаарындагы “Машук” билим берүү борборунда Кыргызстандан барган расмий делегация менен Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин, Ставрополь крайынын билим берүү министрлигинин, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Билим берүү комитетинин, “Машук” билим берүү борборунун, жергиликтүү билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашуу ишке ашууда.
Билим берүү министри Докдуркул Кендирбаева жана ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев баштаган делегация мүчөлөрү билим берүү саясатын жаңылоо жаатында жасалып жаткан иштер, билим берүү системасын заман талабына ылайык өзгөртүү, Кыргызстандагы педагогдордун кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү тажрыйбасы, кошумча билим берүүнүн өзгөрүүсү, жогорку билим берүү жаатындагы жаңылыктар боюнча презентацияларды жасашты.
Россия Федерациясынын өкүлдөрү билим берүү жаатындагы ийгиликтери менен бөлүштү.
Тажрыйба алмашуунун алкагында эки тараптын ортосунда кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду. Меморандумга Кыргыз Республикасы тараптан Билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна, Россия Федерациясы тараптан Агартуу министри Кравцов Сергей Сергеевич кол коюшту.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro