Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ПРАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ИШТЕРИ ӨТТҮ
1 апрель 2024
136

ОшМПУда ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ПРАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ИШТЕРИ ӨТТҮ

ОшМПУда ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ПРАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ИШТЕРИ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде өрттүн алдын алууга жана аны өчүрүүгө багытталган окуу жана машыгуу иштери уюштурулду.
Аталган иш чара КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы менен биргеликте уюштурулуп, ага аталган башкармалыктын тийиштүү кызматкерлери, тез жардам дарыгерлери, өрт өчүрүүчүлөр жана окуу жайдын жалпы окутуучулар, студенттери катышты.
Машыгуунун жүрүшүндө чоң жыйындар залында атайын өрт чыгуу уюштурулуп, жалпы 1500 адамды имараттан эвакуациялоо иштери жүрдү. Ошондой эле имараттын ичинде калып кеткен адамдарды куткаруу иштери жүрүп, биринчи медициналык тез жардамдар көрсөтүлдү.
Бул менен бирге жалпы катышуучуларга өрт чыккан учурда сактануу жолдору, алгачкы жардамдарды көрсөтүү, биринчи өрт өчүрүүчү каражаттарды туура колдонуу боюнча бардык аракеттер өрт өчүрүүчүлөр тарабынан практикалык түрдө көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери өттү.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro