Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУ ИШЕМБИЛИККЕ ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШТЫ
5 апрель 2024
109

ОшМПУ ИШЕМБИЛИККЕ ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШТЫ

ОшМПУ ИШЕМБИЛИККЕ ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШТЫ
Өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарына тазалык кампаниясы жарыяланып, анын катарында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулар жана студенттер жамааты ишембиликке чыгышты.
Мында окуу жайдын ички жана сырткы аянтчаларынын айлана-чөйрөсү таштанды калдыктарынан тазаланып, көчөттөр отургузулуп, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, өткөн жылдагы жалбырактарды чогултуу, шыпыруу жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 27-февралындагы “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыкты жарыялоо жөнүндө” №143 токтомуна ылайык Ак-Буура дарыясынын ичин жана жээгин таштандылардан тазалоо иштерине активдүү катышты.
Белгилей кетсек аталган саамалык, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар аралыгында тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө” жарлыгынын негизинде чыгарылган Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык өткөрүлдү.
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro