7 апрель 2024
107
ОшМПУнун ЖАМААТЫ ДЕН СООЛУК КҮНҮНӨ КАРАТА БИРГЕ КӨНҮГҮҮ ЖАСАШТЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жамааты ден соолук күнүнө карата спорттук көнүгүүлөрдү жасоо саамалыгын өткөрдү.
Иш чара 6-апрель Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө жана 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн алкагында уюштурулуп, ага университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери массалык түрдө катышты.
Катышуучулар атайын спорттук форма кийип, окуу жайдын аянтчасында сабак башталганга чейин 30 мүнөт эрте мененки көнүгүүлөрдү жасашты.
Эскерте кетсек аталган саамалык университеттин жетекчилиги жана дене тарбия факультети тарабынан жыл сайын салттуу түрдө уюштурулуп келет.