7 апрель 2024
161
ОшМПУнун КЫРГЫЗ-РОССИЯ ФАКУЛЬТЕТИНЕ ЖАҢЫ ДЕКАН ШАЙЛАНДЫ
ОшМПУнун КЫРГЫЗ-РОССИЯ ФАКУЛЬТЕТИНЕ ЖАҢЫ ДЕКАН ШАЙЛАНДЫ
2024-жылдын 6-апрелинде Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультетинин декандык кызмат ордуна шайлоо болуп өттү.
Аталган шайлоодо филология илимдеринин кандидаты Токтосуна Айдың Мамасадыковна факультеттин жамаатынын колдоосуна ээ болуп, Кыргыз-Россия факультетинин жаңы деканы болуп шайланды.
Жыйынтыгында университеттин ректору Бекмурза Зулуев аталган факультетти 2014-жылдан бери ийгиликтүү жетектеп келген п.и.к., доцент Шамир Мондошовго ыраазычылык билдирүү менен окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүндө үзүрлүү эмгеги бар экенин белгилеп, жаңы шайланган декандын алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.