17 апрель 2024
127
СТУДЕНТТЕР ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ
СТУДЕНТТЕР ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча тиешелүү адистер менен студенттер ортосунда жолугушуу уюштурулду.
Иш чарага ден соолукту чыңдоо боюнча 10-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун адиси Замира Турсуналиева, ОшМПУнун фельдшери Нурзида Жээналиева жана жана университеттин бардык факультеттеринен студенттер, окутуучулар катышышты.
Мында жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, балдардын, кыздардын өздүк гигиенасы, тамеки, насвай, психотроптук заттардын зыяндуулугу, эмдөөлөрдүн түрлөрү, кургач учук, кызамык оорулары боюнча кеңири маалымат берилди.