20 апрель 2024
100
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШ АКЫНДАРЫ ӨЗБЕКСТАНДА ӨТКӨН ФОРУМДА
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШ АКЫНДАРЫ ӨЗБЕКСТАНДА ӨТКӨН ФОРУМДА
Өзбекстандын тарыхый шаарларынын бири аталган Бухара шаарында 16-19-апрель күндөрү "Түрк тилдүү мамлекеттердин жаш акын, жазуучуларынын ФОРУМУ" уюштурулду.
Форумга түрк тилдүү мамлекеттер Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстан, Туркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын жаш акын, жазуучулары катышышты.
Иш чаранын расмий ачылышы Эл аралык Түрксой уюмунун баш катчысы Султан Раевдин, Өзбекстандын маданият министринин орун басары Муроджан Абдуллаевичтин, Өзбекстан жазуучулар башкармалыгынын өкүлдөрүнүн, маданият ишмерлери жана адабий гезит-журналдардын башкы редакторлорунун катышуучусунда өткөрүлдү.
Мында өз ара чыгармачылык изденүү, адабий достукту чыңдоо, маданий алака аркылуу жаштардын башын бириктирүү жана мыкты автордук чыгармалар жыйнагын аталган өлкөлөрдүн тилинде жарыкка чыгаруу иштери тууралуу максаттар, негиздүү пландар айтылып, мындан ары да адабий достукту бекемдөөгө карата аракеттер жасала тургандыгы баса белгиленди.