25 апрель 2024
94
РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУНУН БЕШИНЧИ АЙЛАМПАСЫ ӨТТҮ
РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУНУН БЕШИНЧИ АЙЛАМПАСЫ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ректордун “Билим кубогу” өткөрүлдү.
Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлагы жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгына ылайык уюштурулуп, мында ар бир факультеттен жана колледжден тандалып чыккан билимдүү мырзалар ат салышты.
Жаштардын билимин жана интеллектуалдык деңгээлин өстүрүүгө багытталган бул акыл таймаш “Спорттук каарман” аталышында болуп, мында улуттук баалуулуктар, кыргыздын легендарлуу инсандары, спорттук аренадагы спорт чеберлери, олимпиадалык оюндар, улуттук спорт оюндарын камтыган суроолор электрондук таризде тартууланып, катышуучулар бүйүр кызыткан таймаш курушту.
Соңунда атайын түзүлгөн калыстар тобунун чечими менен 3-орунду гуманитардык факультетинин студенти Актан Раимбеков, 2-орунду Кыргыз – Россия факультетинин студенти Сыймык Эшбаев, ал эми 1-орунду математика жана компьютердик технологиялар факультетинин студенти Тилек Мамасалиев багындырды.