XI АЙМАКТЫК ОЛИМПИАДАДА ОшМПУ 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » XI АЙМАКТЫК ОЛИМПИАДАДА ОшМПУ 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
23 апрель 2024
7

XI АЙМАКТЫК ОЛИМПИАДАДА ОшМПУ 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

XI АЙМАКТЫК ОЛИМПИАДАДА ОшМПУ 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
20-апрель күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери жогорку окуу жайлар аралык XI аймактык студенттердин олимпиадасына катышып келишти.
Олимпиада бул жылы Ош технологиялык университетинде уюштурулуп, ага катышкан 7 (ЖАМУ, ЭАУ,ИТЭИ, КӨЭУ, ОшМУ, БатМУ, ОшМПУ) жогорку окуу жайдын ичинен ОшМПУ 3-орунду ээледи.
Иш чарага окуу жайда даярдалып жаткан педагогикалык багыттагы адистиктерден 80ден ашуун студенттер жана ага 28 жооптуу окутуучулар катышып, студенттер профилдик (кесиптик) 12 багыт боюнча, ал эми профилдик эмес 16 предметтен билимдерин сынашты.
XI аймактык студенттик олимпиаданын жыйынтыгы боюнча ОшМПУнун 5 студенти 1-орунду багындырып I даражадагы диплом менен сыйланышты. Ал эми 9 студент 2-орун, 6 студент III орунду ээлеп, II-III даражадагы дипломдорго ээ болушту.
Педагогика профили боюнча П(б)-1-21 тайпасынан Мээримгүл Медетбек кызы 1-орунду, Диана Мийманалы кызы 2-орунду, Чынара Шергазы кызы 3-орунду багындырышты. География профили боюнча Г-21 тайпасынан Айнура Шавкат кызы 1-орунду, тарых профилинен Т(б)-1-22 тайпасынын студенттери Тилек Райев 1-орунду, Актан Раимбеков 2-орунга, манас таануу (профиль эмес) предметинен Таттыбүбү Жаңыбаева, 2-орунга Асель Шергазы кызы ээ болушту.
Белгилей кетсек, кезектеги университеттер аралык аймактык XII олимпиаданы өткөрүү эстафетасы Б.Сыдыков атындагы КӨАЭУга берилди.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro