ОКУУЧУЛАР "КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ" ФОРУМУНУН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫНДА » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОКУУЧУЛАР "КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ" ФОРУМУНУН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫНДА
27 апрель 2024
12

ОКУУЧУЛАР "КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ" ФОРУМУНУН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫНДА

ОКУУЧУЛАР "КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ" ФОРУМУНУН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫНДА
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде "Билимдүү жаштар - жаркын келечек" аталышында окуучулар ортосунда интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.
Ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, Багыт окуу борборунун адистери жана алыскы Баткен, Кызыл – Кыя, Ноокат, Кара – Суу, Лейлек, Алай, Өзгөн райондорунан келген окуучулар, мугалимдер катышты.
Аталган акыл таймаш “Кесибим – келечегим” аталышындагы форумдун алкагында уюштурулуп, мында катышуучуларга логикалык, фактылык кругозордук жана предметтик суроолор берилип, болочок абитуриенттер өз билимдерин сыноо менен кызуу мелдеш курушту.
Жыйынтыгында 3-орунду Баткен облусунун окуучусу Мээрбан Улукбек кызы жана 2 – орунду Өзгөн районунун окуучусу Өмүргүл Үсөнбаева ээлеп, эки окуучуга тең Ташкент шаарына жолдомо, диплом, баалуу белектер тапшырылды. Ал эми 1-орунду Баткен облусунун окуучусу Мирлан Досболов багындырып, ага ноутбук, диплом, баалуу белектер тапшырылды. Жеңүүчүлөргө форумдун официалдуу бөлүгүндө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro