ОшМПУда ОКУУЧУЛАРГА АРНАЛГАН “КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ” ФОРУМУ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда ОКУУЧУЛАРГА АРНАЛГАН “КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ” ФОРУМУ ӨТТҮ
27 апрель 2024
15

ОшМПУда ОКУУЧУЛАРГА АРНАЛГАН “КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ” ФОРУМУ ӨТТҮ

ОшМПУда ОКУУЧУЛАРГА АРНАЛГАН “КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ” ФОРУМУ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Багыт” окуу борборунун окуучуларга арналган “Кесибим-келечегим” аталышындагы форуму уюштурулду.
Форумга Ош шаары, Алай, Баткен, Лейлек, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу райондорунан келген окуучулар, мугалимдер катышып, алгач ачык эшик күнүндө окуу жайдагы бардык адистиктер боюнча маалыматтарды алышты. Бул менен бирге университетке экскурсия жасашып, окуу жайдын ички инфраструктурасы менен таанышып чыгышты.
Иш чаранын экинчи бөлүгү чоң жыйындар залында уланып, ага окуу жайдын жетекчилиги, атайын чакырылган коноктор, алыскы райондордон келген мугалимдер жана 400гө жакын окуучулар катышты. Алгач катышуучуларга окуу жайды тааныштырган видео тасма көрсөтүлүп, Кербен фольклордук тобу тарабынан жагымдуу чыгармалар аткарылды.
Саамалыкты университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, окуучуларды туура кесип тандоого үндөп, учурдун талабына жараша эң алдыңкы окуу жайларга тапшыруу үчүн тынымсыз аракет кылууга чакырып, алдыда тапшырылуучу ЖРТны мыкты тапшыруусу үчүн ийгиликтерди каалап өттү.
Андан соң форумдун спикери КРнын Билим берүү жана илим миристрлигинде Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нуржигит Мырзабеков “Чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары, кош дипломдуулук” темасы боюнча маалымат берди. Аны улай англис тили мугалими Барчынай Омарбек кызы “Аалам тили-англис тили” аттуу темада пайдалуу ой-пикирлерин натыйжалуу мисалдар менен түшүндүрүп айтып берди.
Ошондой эле китеп. kg басма үйүнүн жетекчиси, п.и.к., жазуучу, маданияттын мыкты кызматкери Куштарбек Кимсанов “Мыкты кесип ээси болуу үчүн көп китеп окуу маанилүү” аталышында омоктуу ойлору менен бөлүштү. Бул менен бирге IT академиясынын башкы менеджери Абдулкадыр Муса уулу “Келечектин кесиби-IT” темасында пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүп, форум жандуу аудиториянын коштоосунда жогорку деңгээлде өттү.
Соңунда форумдун спикерлерине, интеллектуалдык оюндун жеңүүчүлөрүнө жана буга чейинки өткөрүлгөн сынактарга активдүү катышып, жеңүүчү болгон окуучуларга ноутбук, Ташкентке жолдомо диплом жана баалуу белектер тапшырылды.
Саамалык окуучулардын билим деңгээлинин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү, кесип тандоого багыт берүү жана ЖРТга даярданууга көмөк көрсөтүү максатында окуу жайдын мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro