ФОРУМДУН АЛКАГЫНДА МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНЕ ДА МАСТЕР-КЛАССТАР ӨТКӨРҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ФОРУМДУН АЛКАГЫНДА МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНЕ ДА МАСТЕР-КЛАССТАР ӨТКӨРҮЛДҮ
28 апрель 2024
13

ФОРУМДУН АЛКАГЫНДА МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНЕ ДА МАСТЕР-КЛАССТАР ӨТКӨРҮЛДҮ

ФОРУМДУН АЛКАГЫНДА МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНЕ ДА МАСТЕР-КЛАССТАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кесибим-келечегим” аталышындагы форумда окуучуларды коштоп келген мугалимдер үчүн семинар өткөрүлдү.
Семинарда университеттин окуу усулдук кеңешмесинин усулчулары, биология жана химия кафедрасынын доценти Гүлмира Долонова, улук окутуучу Гүлзада Сагынбаева, педагогика жана психология кафедрасынын окутуучусу М. Маткасымова жана п.и.к., доцент Жыпаргүл Шербаева сабак өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп кетти.
Мында мугалимдерге окутуунун жаны технологиялары, мугалимдин кесиптик компетенциялары жана мектеп окуучуларына кесиптик багыт берүүнүн жолдору боюнча кызыктуу мастер-класстар өтүлүп, кеңири маалыматтар берилди.
Белгилей кетсек, аталган иш чара университеттин мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro