Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » КҮТҮЛБӨГӨН КЫРСЫКТАН ЖАБЫРКАГАН БАЛДАРГА ДЕН СООЛУК, АТА-ЭНЕЛЕРИНЕ САБЫР ТИЛЕЙБИЗ!
5 май 2024
103

КҮТҮЛБӨГӨН КЫРСЫКТАН ЖАБЫРКАГАН БАЛДАРГА ДЕН СООЛУК, АТА-ЭНЕЛЕРИНЕ САБЫР ТИЛЕЙБИЗ!

КҮТҮЛБӨГӨН КЫРСЫКТАН ЖАБЫРКАГАН БАЛДАРГА ДЕН СООЛУК, АТА-ЭНЕЛЕРИНЕ САБЫР ТИЛЕЙБИЗ!
2-май күнү Сузак районунун Катмы жайлоосунда “Манас айтуу” фестивалы учурунда кокустан жүз берген окуя өлкө боюнча ар бир жарандын көңүлүн бурду.
Жалпы 3000дей окуучунун ичинен жабыркаган 35 окуучунун 12си учурда дарыгердин көзөмөлүндө болсо, абалы оор болгон 5 бала реанимацияда экени маалым. Ал эми 10 бала өлкө башчынын тапшырмасы менен жума күнү Бишкектеги балдар ооруканасына атайын борт менен жеткирилген. Алардан президент Садыр Жапаров өзү жакындан кабар алып, ата-энелери менен жолугушту.
3-май күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева биргеликте Жалал-Абад облустук балдар клиникасына барып, кырсыктан жабыркаган балдардан кабар алышты.
Мында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев балдарды дарылоого бардык каражат мамлекеттен бөлүнөрүн белгилеп, абалы оор 5 балага 200 000 сомдон жана калган балдарга 50 000 сомдон каражатты жардам иретинде тапшырды.
Ал эми ата-энелер үчүн Жалал-Абад шаардык бийлиги тарабынан атайын убактылуу кризистик борбор ачылган.
Өзгөчө маанайда башталган фестиваль, күтүлбөгөн кырсык менен аяктаганы баарыбызды өкүндүрөт. Андыктан кандай гана иш чара уюштурулбасын коопсуздукту биринчи кезекте эске алууну ар бирибиз сездик сыңары.
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жамааты ооруканада жаткан ар бир баланын ден соолугу чыңалып, батыраак айыгып кетүүсүн каалоо менен ата-энелерине сабырдуулук тилейт. Бул сыяктуу кырсыктар артта калып, жергебизде тынчтык, элибизде бейпил жашоо өкүм сүрсүн. Балдарыбыздын ден соолугу чың болуп, жүздөрүндө жылмаю гана жашасын!  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro