ОШТО МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК МЕЛДЕШИ ӨТҮП ЖАТАТ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОШТО МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК МЕЛДЕШИ ӨТҮП ЖАТАТ
5 май 2024
27

ОШТО МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК МЕЛДЕШИ ӨТҮП ЖАТАТ

ОШТО МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК МЕЛДЕШИ ӨТҮП ЖАТАТ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде майыптыгы бар адамдар арасында шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтүп жатат.
Оюнга өлкөнүн бардык аймактарынан келген аярлуу катмар катышып, мелдеш 5-майдан 10-майга чейин уланмакчы. Мында А категориясы: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, В категориясындагы угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана С категориясындагы таяныч-кыймыл аппаратын колдонуучулар, анын ичинде жалпы оорулардан майыптыгы бар адамдар шахмат ойноп, кызуу мелдеш курушууда. Аталган чемпионаттан жеңгендер алдыда Азия оюндарында жана дүйнөлүк чемпионаттарда өлкөнүн намысын коргошот.
Белгилей кетсек, иш чара шахматты майыптыгы бар адамдар ортосунда физикалык реабилитациялоонун жана социалдаштыруунун каражаты катары кеңири жайылтуу, аларды шахмат боюнча үзгүлтүксүз машыгууга тартуу жана Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча курама командасына талапкерлерди киргизүү максатында жыл сайын уюштурулуп келет.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro