СУЗАКТАГЫ КЫРСЫКТАН ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ ЖАБЫРКАГАНДАРГА ПСИХОЛОГДОР ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШҮҮДӨ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » СУЗАКТАГЫ КЫРСЫКТАН ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ ЖАБЫРКАГАНДАРГА ПСИХОЛОГДОР ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШҮҮДӨ
5 май 2024
27

СУЗАКТАГЫ КЫРСЫКТАН ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ ЖАБЫРКАГАНДАРГА ПСИХОЛОГДОР ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШҮҮДӨ

СУЗАКТАГЫ КЫРСЫКТАН ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ ЖАБЫРКАГАНДАРГА ПСИХОЛОГДОР ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШҮҮДӨ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына барып, жарандар менен жолугуп психологиялык жардам көрсөтүштү.
Окутуучулардын айтымында Сузакта болгон авто кырсыктан жабыркаган балдардан сырткары, ал окуяга жеринде күбө болгон окуучулар, ата-энелер, мугалимдердин психологиялык абалы ошол күндөн бери абдан оор экени байкалган.
Жарандардын психикалык абалын иликтеп, көмөк көрсөтүү үчүн университеттин окутуучулары Шарипа Тарыхчиева, Мавлюда Ысакова, Батма Тогузакова жана Нуриза Мамашерип кызы барып, атайын бир бөлмөдө кезеги менен жарандарды кабыл алып, алар менен сүйлөшүп, бир канча күндөн бери кептелген шок абалдан чыгарууга аракет кылгандарын айтышты.
“Бул жердеги жарандардын арасында катуу коркуп, чочуп калгандар окуя болгон күндөн бери тамактана албай, уктай албай, жадагалса ыйлай албай, а кээ бирлеринин көз жашы токтобой өтө кыжалатчылыкка алдырып салышкан. Арасында 14 жаштагы Мыктыбек Маматалиев амбулатордук шартта дарыланып жаткан. Бирок, анын абалы салыштырмалуу оор болгондуктан психологдордун сунушу менен ооруканада жатып дарылануу чечимине келдик. Бул баланын акыл-эси жайында бирок, колдорун калтырак баскан, көз алдына кырсык болгон күн улам элестелип, шок абалга катуу түшүп калган. Ал эми иш чараны уюштурган мектеп мүдүрү да өзүн болгон окуяга айыптап катуу кайгыга түшкөнү үчүн ал менен да узак убакыт сүйлөшүүгө туура келди. Бул окуяда денесинен жаракат албаган менен көпчүлүк адамдардын психикалык абалына доо кеткен.”- деп билдирди Нуриза Мамашерип кызы.
Мындан сырткары мектеп мугалимдери, ата-энелер менен да жеке баарлашуу жүрүп, алар дагы коркуп калган окуучулар көп экенин белгилеп, психологдор айылдарга кыдырып дал ушундай жардамдарды көрсөтсө жакшы болорун сунушташып, окутуучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro