Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » БЕЛГИЛҮҮ ЖАЗУУЧУ АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ “СЕРЕП” ДИЛ МАЕК ПРОГРАММАСЫНДА КОНОКТО
15 май 2024
98

БЕЛГИЛҮҮ ЖАЗУУЧУ АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ “СЕРЕП” ДИЛ МАЕК ПРОГРАММАСЫНДА КОНОКТО

БЕЛГИЛҮҮ ЖАЗУУЧУ АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ “СЕРЕП” ДИЛ МАЕК ПРОГРАММАСЫНДА КОНОКТО
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Сереп” дил маек программасы уюштурулуп, конокто педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы Абдыкерим Муратов болду.
Иш чарага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган окутуучулук жамаат, студенттер жана адабият сүйүүчүлөрү катышып, алгач жазуучунун өмүр таржымалын камтыган видео тасмага күбө болушту. Андан соң Абдыкерим Муратовдун үй-бүлөсү, курсташтары, достору, санаалаштары, классташтары, шакирттери жана жакындары профессор тууралуу маек беришти.
Саамалыктын алгачкы бөлүгүндө атайын чакырылган коноктор каармандын басып өткөн чыйыр жолундагы эмгектерин, жетишкендиктерин даңазалап, аны менен бирге болгон кызыктуу окуялардан ой бөлүшүп, өзгөчө сапаттарын белгилеп, өмүр жолуна саресеп салуу менен кенен кеп курушту.
Бул менен бирге алыскы жакындарынын да ой бөлүшкөн видео тасмалары көрсөтүлдү. Андан соң программанын экинчи бөлүгү Абдыкерим Муратовдун студенттер тарабынан берилген ар тараптуу, кызыктуу суроолоруна жооп берүүсү менен уланды. Мыкты суроолорду берген студенттерге жазуучу тарабынан автордук китептер белек кылынды. Бул менен уюштуруучулар тарабынан да белектер тапшырылып, саамалык жылуу пикирлер менен соңуна чыкты.
Белгилей кетсек аталган иш чара каармандын ийгилигине сереп салып, аны үлгү катары көрсөтүп, каармандын өмүр жолу менен болочок педагогдорду таасирлентүү, ага багыт берүү максатында колледждин мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулду.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro