15 май 2024
101
ПРОФЕССОР АБДЫКЕРИМ МУРАТОВГО АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ – ТАЖРЫЙБАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ
ПРОФЕССОР АБДЫКЕРИМ МУРАТОВГО АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ – ТАЖРЫЙБАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
Конференция “Улуттук наркты сактоодо тил, адабият жана элдик педагогиканын ролу, Муратовдук окуулар – 2” деп аталып, ага өлкөбүздөгү белдүү илимпоздор, илимдин докторлору, Өзбекстан республикасы, Жалал – Абад, Баткен, Ош облустарынан жана Бишкек шаарынан келген ЖОЖдордун окутуучулары, мектеп мугалимдери катышышты.
Иш чараны расмий түрдө ректор Бекмурза Зулуев ачып, Абдыкерим Муратовдун билим берүүгө арналган ишмердүүлүгүнө, илим жолуна, элдик педагогикадагы жана адабияттагы ордуна кыскача токтолуп өттү.
Андан соң конференция пленардык жыйын менен уланып, мында Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин бөлүм башчысы, ф.и.д.,профессор Бурул Сагынбаева, Андижан мамлекеттик педагогикалык иститутунун доценти Нигора Алисултанова, п.и.к., доцент Ташболот Жороев жана п.и.д., доцент Акчач Жолдошова өз баяндамаларын жасашты. Ал эми секциялык иштер саат 13:00дөн-16:00гө чейин уланды.
Соңунда секциялык иштердин жыйынтыгы чыгып, конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Ага ылайык, мыкты баяндамачылар уюштуруу тобу тарабынан сыйлыктарга ээ болушуп, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.