16 май 2024
95
ОКУУ ЖАЙДА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ЖУМУШКА ЖАЙГАШТЫРУУ МАСЕЛЕСИ КАРАЛДЫ
ОКУУ ЖАЙДА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ЖУМУШКА ЖАЙГАШТЫРУУ МАСЕЛЕСИ КАРАЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жумуштарга бөлүштүрүү боюнча конференция өткөрүлдү.
Ага бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштыруу жана алгачкы кесиптик жолун баштоосуна жөлөк болуучу шаардын жана райондун кадрлар бөлүмүнүн башкы адистери, окуу жайдын профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери катышты.
Конференцияны алгач университеттин ректору, профессор Бекмурза Зулуев ачып берип, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалоо менен келечекте мыкты педагогдор чыгышына тилектеш экендигин билдирди. Мында бюджеттик негизде бүтүп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуусу жана 3 жылдык мөөнөттө иштеп берүүсү, ага карата жол жобосунун аткарылышы боюнча кеңири маалыматтар берилди. Андан соң ар бир райондогу, шаардагы мектептерге бүтүрүүчүлөр бөлүндү.