16 май 2024
98
БИЛИМ БЕРҮҮ САПАРЫНДА ОшМПУга 99 ЖЫЛ!
БИЛИМ БЕРҮҮ САПАРЫНДА ОшМПУга 99 ЖЫЛ!
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын 99 жылдыгын белгилөө менен, окутуучуларды жана кызматкерлерди сыйлоо аземи уюштурулду.
Саамалыкка университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана жалпы кызматкерлери катышып, алгач музыкалык – педагогикалык факультетинин “Кербен” фольклордук ансамбли жана “Барс” эстрадалык тобу тарабынан концерттик программа тартууланып, жагымдуу чыгармалар аткарылды.
Андан соң университеттин ректору Бекмурза Зулуев сөзгө чыгып, ал өз сөзүндө бир кылымдык тарыхы бар окуу жайды алдыда өнүктүрүүгө багытталган пландарды, окутуучулардын жетишкендиктерин жана аларга болгон жаңы талаптарды айтып өтүп, университеттин туулган күнү менен кызуу куттуктады.
Аны улай окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошуп, студенттерге билим берүүдө жигердүү эмгектенген окутуучулар жана өз ишин мыкты аткарган кызматкерлер ОшМПУнун, Ош шаардык мэриясынын, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Ош шаардык кеңешинин, окуу жайдын профсоюз комитетинин жана билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Бул менен катар республикалык, эл аралык деңгээлде ийгилик жараткан, илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн окумуштууларга да өзгөчө сыйлыктар тапшырылды.