ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН БОРБОР КАЛААГА САЯКАТ УЮШТУРУЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН БОРБОР КАЛААГА САЯКАТ УЮШТУРУЛДУ
26 май 2024
80

ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН БОРБОР КАЛААГА САЯКАТ УЮШТУРУЛДУ

ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН БОРБОР КАЛААГА САЯКАТ УЮШТУРУЛДУ
“Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн” аталышындагы ураан менен ОшМПУнун алдыңкы студенттери үчүн Бишкек шаарына атайын саякат уюштурулду.
Аталган саамалыкка окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы Мунарбек Назымовдун жетектөөсү менен окууда мыкты ийгиликтерге жетишип, коомдук-маданий иштерге активдүү катышкан жалпы 16 студент катышты.
Сапардын алкагында студенттер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, “Кыргыз-Түрк” Манас университетине, Ата Бейит мемориалдык комплексине, тарыхый музейге, Ата мекендик өндүрүштүк компанияларга жана башка тарыхый жайларга экскурсия жасашып, жакындан таанышышты.
Бул саякат окуу жай тарабынан студенттерге өзгөчө көңүл буруу, аларды шыктандыруу, дүйнө таанымын кеңейтүү, жаштарды ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу жана тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду 3 күнгө уланган сапардын чыгымдары, студенттердин жол акысы, жатаканасы жана тамак-аштары толугу менен университеттин эсебинен каржыланды.
Белгилей кетсек, ОшМПУда студенттер үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, жыл сайын окуу жылдын аягында өлкөнүн 7 дубанына, коңшу өлкөлөргө саякат уюштуруу салтка айланган. Ага окуу жайдын ар бир факультетинен тандалган, мыкты студенттер катышып келет.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro