Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ОшМПУда
29 май 2024
69

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ОшМПУда

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ОшМПУда
Бүгүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жамааты менен жолугушту.
Министрди окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев тосуп алып, алгач университеттин жаңы окуу корпусунун материалдык-техникалык базасы жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр менен жакындан тааныштырды. Бул менен катар заманбап техникалык каражаттар жана инновациялык программалардын жардамы менен өтүлгөн жаш окутуучулардын сабактарына, студенттердин чыгармачылык, ишкердик жаатындагы эмгектерине күбө болушту.
Андан соң министр университеттин профессордук – окутуучулук курамы менен жолугушуп, мында “Алтын казык” билим берүүнү трансформациялоо программасы менен тааныштырып, билим берүүнүн бардык баскычын камтыган программанын багыттары жөнүндө толук маалымат берди жана12 жылдык билим берүү долбоорун ишке ашыруу менен өлкөнүн билим берүү тармагындагы бир канча көйгөйлүү маселелер жолго коюларын билдирди.
Ага катар долбоордун алкагында педагогикалык багыттагы жогорку окуу жайларга атайын жүктөмдөр жүктөлөөрүн белгилеп, бардык билим берүү мекемелери жакындан көмөк көрсөтүүсү зарыл экенин айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында окутуучулардын айрым сунуш-пикирлерин кабыл алуу менен окуу жайдын педагогикалык багыттагы алгылыктуу ишмердүүлүгүнө ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro