Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОМИССИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ МЕЛИС МУРАТАЛИЕВ ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН ЖАКЫНДАН ТААНЫШТЫ
30 май 2024
46

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОМИССИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ МЕЛИС МУРАТАЛИЕВ ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН ЖАКЫНДАН ТААНЫШТЫ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОМИССИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ МЕЛИС МУРАТАЛИЕВ ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН ЖАКЫНДАН ТААНЫШТЫ
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев иш сапары менен бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болду.
Төрага университеттин ректору Бекмурза Зулуев менен биргеликте окуу жайдын жаңы корпусунун ички жана тышкы инфраструктурасы, материалдык базасы менен жакындан таанышты. Аны улай студенттердин жаратман ишкердигин чагылдырган көргөзмөгө жана жаш окутуучулардын жаңы технологиялардын жардамы менен кыргыз тилди өнүктүрүүгө багытталган инновациялык усулдук сабактарына күбө болушту.
“Ош шаарына болгон сапарыбызда мына ушул Ош мамлекеттик педагогикалык университетине келгенибиз мени абдан кубандырып турат. Мындагы жүрөк жылыткан, келечекке үмүт отун жандырган мыкты көрсөткүчтөр мени таң калтырды. Бул педагогикалык багыттагы окуу жайдын тил саясатын жүргүзүүдө орду абдан чоң. Себеби, дал ушул жерден келечектеги мугалимдер тарбияланып чыгат, анын ичинде заманбап усулдар менен сугарылган филологдордун, кыргыз тилчилердин чыкканы бул абдан жакшы жетишкендик деп эсептейм. Алдыда биз ишке ашыра турган долбоорлордо бирге кызматташуубуз дагы да артат” ,- деп билдирди КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro