Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ МЕНЕН!
31 май 2024
73

БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ МЕНЕН!

БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ МЕНЕН!

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 1 – июнь Эл аралык Балдарды коргоо күнү белгиленип, жаш балдар үчүн атайын оюн – зоок программасы уюштурулду.

Иш чарага университеттин окутуучуларынын жана жалпы кызматкерлеринин балдары катышып, шаңдуу маанай жараткан маданий майрамдык салтанатка күбө болушту.

Саамалыкты университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып, бөбөктөрдү майрамы менен кызуу куттуктады. Проректор өз сөзүндө: “Балдар – биздин келечегибиз, үмүтүбүз, жашообуздун маңызы. Ар бир бала бактылуу балалыкта жашоого татыктуу. Алар оорубасын, алар көз жаш төкпөсүн, жергебизде тынчтык болсун!” – деди.

Андан соң балдар окуу жайдын аянтында сүрөт тартышып, таттууларга жана белектерге ээ болушуп, эркин форматта оюн курушту. Бул менен бирге коён, түлкү, илбирс, күчүк сыяктуу жомок каармандары жаш жеткинчектердин көңүлүн көтөрүп, алар менен биргеликте бийлешип, иш чара балдардын майрамдык маанайын көтөрө турган концерттик программа  менен коштолду.

Белгилей кетсек аталган иш чара  окуу жайдын жетекчилиги жана Профсоюз комитети тарабынан уюштурулду.  

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro