ОКУТУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ФОНД МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ “ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУН” УЮШТУРАТ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОКУТУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ФОНД МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ “ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУН” УЮШТУРАТ
3 июнь 2024
105

ОКУТУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ФОНД МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ “ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУН” УЮШТУРАТ

3-июнь күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Роза Отунбаева эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» программасынын алкагында өлкөнүн Түштүк аймагы боюнча  педагогдордун иш чарасы өткөрүлдү.

Ага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген 45 окутуучу, аталган фонддун өкүлдөрү жана  ОшМПУнун окутуучулары катышып, иш чара  2023-жылдын жыйынтыгын чыгаруу менен  2024-жылга кайрадан жайлоо балдар бакчасын баштоо, окутуучуларга усулдук колдоо  көрсөтүү,  өз ара тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.

Иш чаранын официалдуу бөлүгүн ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев жана Роза Отунбаеванын демилгеси Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова ачып, саамалыктын жүрүшүнө ийгилик каалашты.

Экинчи бөлүгүндө окутуучулар өткөн жылдын жыйынтыгын көрсөтүү менен катышуучуларга мастер-класстарды өтүп беришти. Мында п.и.к, доцент Инабат Даминова «Балдарга экологиялык тарбия берүүдө ата бабалардын тажрыйбаларын колдонуу мүмкүнчүлүгү», улук окутуучу Гүлзада Сагынбаева «Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү», б.и.к., доцент Гулмира Долонова «Жашыл экономика жана этноботаника», п.и.к., доцент  Жыпаргүл Шербаева п.и.к., доцент  «Эко сабак», «Эко бинго» оюну боюнча, Нуриза  Мамашерип кызы «Жерге саякат, жашыл аптека»,  Айсырга Ырысбаева информатика жана «Жашыл экономика жана технология» Айзат Абдыразак кызы «Экологиялык лаборатория» деген темаларда инновациялык усулдардын жардамы менен чакан маалыматтарды беришти.

Жыйынтыгында Роза Отунбаеванын демилгеси Эл аралык коомдук фондунун ишмердүүлүгүнө жакындан колдоо көрсөткөндүгү үчүн ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев жана мастер-класстарды уюштурган окутуучулар Ыраазычылык кат менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, «Жайлоо өнүгүү борборлорунун» программасы менен университеттин педагогика жана психология, башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары 2015-жылдан бери кызматташат жана Ош облусу боюнча Жыпаргүл Шербаева координатор катары эмгектенет. Учурда Ош обулусунун Чоң-Алай, Алай, Кара-Кулжа, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда жалпы 21 «Жайлоо өнүгүү борборлору»  ачылып, бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенүүдө. Жайкы эс алуу айларында окутуучулар кенже курактагы балдардын өнүгүүсүнө багытталган кыргыз элинин баалуулуктары, нарк насилдери жана баалуу тарбиясын эске алуу менен мастер класстарды өтүшөт жана тарбиячыларга заманбап жаңы технологияларды пайдаланып сабактарды өткөрүүнүн жолдорун үйрөтүү менен кесипкөйлүгүнүн өнүгүшүнө жакындан жардам беришет.

    

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro