2024-жыл 27-майда “Математика күнү” белгиленди. » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » 2024-жыл 27-майда “Математика күнү” белгиленди.
4 июнь 2024
237

2024-жыл 27-майда “Математика күнү” белгиленди.

2024-жыл 27-майда  Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык педагогикалык факултетинин  Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасында п.и.к., доцент З.Абдасиеванын жетекчилиги астында  “Математика күнү” белгиленди. Ал күнү, адегенде “Жаш математик” кружогунун мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн математикалык бурч (306-каана) түзүлгөн. Анда факультеттин адистигиндеги тайпалар  чыгарган дубал гезиттер, ар кандай математикалык тапшырма, викториналар уюштурулуп коюлган. Аталган күнгө Пб-1-23, Пб-1-22 тайпаларынын ата – энелерине чогулушун да  белгилешкен.

    USAIDдин “Окуу керемек”  долбоорунун алкагында класттан тышкаркы иштерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча, изидөө долбоорунан “Табышмак, макал лакаптардагы математикалык сандар” теманы Пб-1-23, Пб-1-22, Пб-2-22 тайпаларынын студенттери изилдеп материалдарды  чогултуп жазышты. Анын натыйжасы катары “Математика Кыргыз элдик фольклордо” деген аталыштагы “Шайыр тайпалар  таймашын”  өткөрүштү. Анда, сан, математикалык түшүнүктөргө байланышкан  саламдашуу, математикалык табышмактар,  математикалык жаӊылмачтар, математикалык акыйнектер, математикалык пеьсаны көрсөтүштү. Дагы эӊ кызыгы, капитан командаларга, үйгө тапшырма берилегн, “Окуу кереметтеги” долбоордогу “Окуучунун чыгармачыл жазуусу” стратегиясына  бир тексттик маселенин мазмунун  ыр саптарды жана комиксти иштеп чыгуу берилген, тапшырманы аткарышты.

Дегинкиси, “Математика күнү” иш чарасы максатына жетти.   Гезитти иштеп чыгуу, шайыр тайпалар таймашына катышкан студенттерге сыйлыктар жана грамоталар берилди.  Иш чара кызыктуу өттү.

    Өтүлгөн иш чараларга ата энелер толугу менен катышып, өзүнчө курсан болуп кетишти.  

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro