МУСАБЕК САТЫБАЛДИЕВ УЛУТТУК "ХРУСТАЛЬ КОМПАС" СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ НААМЫН ЖЕНИП АЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » МУСАБЕК САТЫБАЛДИЕВ УЛУТТУК "ХРУСТАЛЬ КОМПАС" СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ НААМЫН ЖЕНИП АЛДЫ
10 июнь 2024
189

МУСАБЕК САТЫБАЛДИЕВ УЛУТТУК "ХРУСТАЛЬ КОМПАС" СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ НААМЫН ЖЕНИП АЛДЫ

 

2024-жылдын 30-майында Москва шаарында Эл аралык “Хрусталь компас” улуттук сыйлыгын тапшыруу салтанат аземи болуп өттү. Мында ОшМПУнун ага окутуучусу Мусабек Сатыбалдиевдин “Россия жөнүндө билим берүү долбоорлорунун сериясы” долбоору сыйлыктын финалына чыгып, “Жарандык позиция” номинациясында жеңишке жетишти.

 

Аталган даражалуу  сыйлыкка Россия, Азербайжан, Индия, Франция, Казакстан, Сербия жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышып, жеңүүчүлөрдүн ысымдары салтанатта эксперттик комиссиянын чечиминин негизинде белгилүү болгон.

 

Эл аралык сынакта тандоого 230 миңден ашык адам өз долбоору менен катышып, анын катарында география, экология жана жаратылыш, тарыхый жана маданий мурастарды сактоо жаатындагы 10 номинация боюнча  уникалдуу  долбоорлордун авторлору финалга чыгышты. Мында  тандалган финалисттер эксперттик кеңештин мүчөлөрү тарабынан "Хрусталь компас" сыйлыгынын лауреаты номинациясына көрсөтүлдү.  

“Кристалл компас” улуттук сыйлыгын тапшыруу салтанатын Орус географиялык коомунун ардактуу президенти, Улуттук сыйлыктын эксперттик кеңешинин төрагасы академик В.М.Котляков ачты. “Хрусталь компас” Улуттук сыйлыгынын XI жана XII салтанаттуу аземинин “Жарандык позиция” башкы номинациясынын жеңүүчүсү болуп ОшМПУнун “Дүйнөлүк тилдер” кафедрасынын ага окутуучусу Сатыбалдиев Мусабек Маматович табылды.  Сыйлык тапшыруу аземине Россиянын Илимдер академиясынын белгилүү окумуштуулары жана изилдөөчүлөрү, ошондой эле Роскосмостун жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын өкүлдөрүнөн келген коноктор катышты.

 Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жалпы жамааты Мусабек Маматович Сатыбалдиевди  “Жарандык позиция” номинациясында Улуттук даражалуу “Хрусталь компас” сыйлыгын жеңип алышы менен куттуктайт!

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro