Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » “ТӨРТҮНЧҮ ЖОЛ” КИТЕБИНИН ТААНЫТЫМЫ КЫЗЫКТУУ ТАЛКУУ МЕНЕН КОШТОЛДУ
25 июнь 2024
207

“ТӨРТҮНЧҮ ЖОЛ” КИТЕБИНИН ТААНЫТЫМЫ КЫЗЫКТУУ ТАЛКУУ МЕНЕН КОШТОЛДУ

 “ТӨРТҮНЧҮ ЖОЛ” КИТЕБИНИН ТААНЫТЫМЫ КЫЗЫКТУУ ТАЛКУУ МЕНЕН КОШТОЛДУ

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Энди Харгривз жана Деннис Ширлинин “Төртүнчү жол – келечекке шыктандырган билим берүүдөгү өзгөрүүлөр” аттуу жаңы китептин таанытымы өткөрүлдү.

Саамалык Назарбаев университетинин профессору, белгилүү педагог Дүйшөн Шаматовдун катышуусунда өтүп, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган окутуучулар жамааты, “Китепстан” басма үйүнүн директору Бакытбек Абдуллаев, KITEP.kg басма үйүнүн жетекчиси Куштарбек Кимсанов, билим берүү тармагындагы кызматкерлер, агартуучулар жана мектеп мугалимдери жигердүү катышты.

Мында алгач китепти кыргызчалап, басып чыгарууга колдоо көрсөткөн профессор Дүйшөн Шаматов “Төртүнчү жол” китебин которуу идеясы кайдан келгендиги, анын коомчулукка тийгизген пайдасы, артыкчылыктары   тууралуу маалымат берип, китептеги  саясий-экономикалык, коомдук өзгөрүүлөрдүн мугалимдерге тийгизген таасири, андагы  жолдордун өзгөчөлүктөрү,  өлкөбүз азыр мына ушул төрт жолдун кайсы баскычында тургандыгы  жөнүндө кеңири баяндады.

Бул менен бирге жалпы катышуучулар ортосунда  китептин мазмуну, андагы негизги маселелер, билим берүүдөгү өзгөрүүлөр жана аны өнүктүрүүдөгү төрт жол боюнча талкуу уюштурулуп, окурмандар китептеги өзгөчө таасир калтырган ойлору менен бөлүшүп, кызыктуу суроолорду берүү менен  өз сунуш – пикирлерин  айтышты.    

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro