АНАШБЕК МЫРСАБЕКОВДУ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
АНАШБЕК МЫРСАБЕКОВДУ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын наамын алып жүргөн психология илимдеринин кандидаты, доцент Анашбек Мырсабековдун 80 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.
Иш чарага Кубанычбек Жумалиев баштаган мурдагы өлкө башчылары, Анашбек Мырсабековдун замандаштары, достору, кесиптештери, бир туугандары, университеттин эмгек жамааты жана студенттери катышты.
Саамалыктын алгачкы бөлүгүндө катышуучуларга Анашбек Мырсабековдун өмүр жолун чагылдырган видео тасма көрсөтүлдү. Аны улай университеттин ректору Бекмурза Зулуев сөзгө чыгып, агайдын окуу жай үчүн жасаган эмгектерин даңазалап, сыймыктануу менен эскерди. Жана жакындары тарабынан да эскерүү сөздөрү айтылды.
Бул кечеде учурда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин наамын алып жүргөн Анашбек Мырсабековдун ким болгондугу, ишмердүүлүгү, адамдык алтын сапаттары жана жасаган эмгектери туурасында кенен кеп козголуп, жалпы замандаштары өзгөчө сезимдер менен эскеришти.
Мырсабеков Анашбек Жумалиевич 1944 – жылы 3 – ноябрда Аксы районуна караштуу Кечүү айылында жарык дүйнөгө келген. 1995-жылы Ош педагогикалык колледжине азыркы ОшМПУга директор болуп шайланган. Анын эмгегинин негизинде 1996-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №470 токтому менен Ош педагогикалык колледжи Ош жогорку колледжи болуп кайра түзүлгөн. Үй-бүлөдө 3 уул 2 кызды тарбиялап өстүргөн. 1998-жылы 8-июль күнү 54 жашында авто кырсыктан улам каза болгон.