КЫРГЫЗ ЭЛ БААТЫРЫН ТОРКОЛУУ 90 ЖАШЫ МЕНЕН ОшМПУНУН ЖАМААТЫ КУТТУКТАДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » КЫРГЫЗ ЭЛ БААТЫРЫН ТОРКОЛУУ 90 ЖАШЫ МЕНЕН ОшМПУНУН ЖАМААТЫ КУТТУКТАДЫ
6 сентябрь 2024
56

КЫРГЫЗ ЭЛ БААТЫРЫН ТОРКОЛУУ 90 ЖАШЫ МЕНЕН ОшМПУНУН ЖАМААТЫ КУТТУКТАДЫ

КЫРГЫЗ ЭЛ БААТЫРЫ АПАС ЖУМАГУЛОВДУН ТОРКОЛУУ 90 ЖАШЫ МЕНЕН ОшМПУНУН ЖАМААТЫ КУТТУКТАДЫ

 

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде КРдин мурдагы вице-премьер министри, коомдук жана мамлекеттик ишмер, илимпоз, Кыргыз Эл Баатыры Жумагулов Апас Жумагуловичтин 90 жылдык мааракесине арналган жолугушуу болуп өттү.

 

Иш чарага юбиляр ээси Апас Жумагулов жана экс премьер - министрлер Жантөрө Сатыбалдиев , Кубатбек Боронов, Кубанычбек Жумалиев, мамлекеттик ишмер Темир Сариев, тарых илимдеринин доктору, III даражадагы Манас орденинин ээси Балтагул Нурунбетов, ОшМПУнун ректору, профессор Бекмурза Зулуев жана окутуучулар, студенттер катышты.

 

Жолугушууда ректор Бекмурза Зулуев Апас Жумагуловду 90 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктап, агайдын элге арнаган эмгектерин, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын баса белгилөө менен ага бекем ден соолук, кайраттуу карылык каалап,  белектерди тапшырды.

 

Соңунда юбиляр ээси окуу жайдын заман менен жарыша өнүгүп баратканы жана анда жалаң гана ардактуу кесип ээлери даярдалып жатканы көз кубанткан, жүрөк жылыткан жагдай экенин белгиледи. Ага катар университеттин билим сапарындагы кадамы улам арыштап, дагы да мыкты мугалимдер уядан уча беришине тилектеш экенин айтып, жамаатка терең ыраазычылыгын билдирди.

 

Белгилей кетсек, учурда Апас Жумагуловдун 90 жылдык мааракесине арналып аймактарда республикалык деңгээлде иш чаралар, конференциялар өткөрүлүп жатат.

   

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro