24 сентябрь 2024
27
ОКУУ ЖАЙДА АДАМ САТУУГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ
ОКУУ ЖАЙДА АДАМ САТУУГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде адам сатууга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча тегерек стол болуп өттү.
Иш чарага Ак буура милиция бөлүмүнүн №4 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын капитаны Шумкарбек Абдиев, аталган бөлүмчөнүн ага аймактык тескөөчүсү, милициянын майору Азамат Кекиев, Ош шаарынын мэриясынын Курманжан-Датка муниципиалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Санатбек Зарипбек уулу жана университеттеги тарбия иштери боюнча декандын орун басарлары, жаштар комитетинин өкүлдөрү, старосталар катышты.
Саамалык калк арасында адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында уюштурулуп, мында катышуучуларга зордук-зомбулук жана анын алдын алуу, жаш өспүрүмдөргө өзгөчө көңүл буруу, жатаканадагы студенттердин гигиена жана этикасы, кулчулукка тартуунун кесепеттери жана жоопкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Тегерек столдун жүрүшүндө студенттерди интернет-клубдардан, алкоголдук ичимдиктерден алыс кармоо, алардын кулчулукка кабылбоосунун жана сексуалдык эксплуатациянын курмандыгына айланбоосунун алдын алуу боюнча адистер тарабынан тиешелүү маалыматтар берилди.
Белгилей кетсек аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги №227 токтому менен бекитилген 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-майындагы №242 тескемесинин аткарылышын камсыздоо максатында уюштурулган.