ОшМПУда ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ИЙРИМ МУГАЛИМИ СЫНАГЫ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ИЙРИМ МУГАЛИМИ СЫНАГЫ ӨТТҮ
25 сентябрь 2024
39

ОшМПУда ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ИЙРИМ МУГАЛИМИ СЫНАГЫ ӨТТҮ

ОшМПУда ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ИЙРИМ МУГАЛИМИ СЫНАГЫ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ош облусунун мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын мыкты ийрим мугалими сынагы болуп өттү.
Саамалык “Жан дүйнөмдүн кесиби - 2024” аталышында болуп, ага сынактын буга чейинки турунан жеңүүчү деп табылган Кара-Суу, Ноокат, Араван, Өзгөн, Кара-Кулжа, Чоң-Алай сыяктуу 8 райондон келген ийрим мугалимдери катышты.
Жобого ылайык сынактын облустук этабынын катышуучулары бул ирет 4 баскычтуу тапшырмаларды аткарышты. Тактап айтканда, катышуучулардын ар бири көрсөтмөлүү сабак өтүп, өз ишмердүүлүгүн көрсөткөн видео презентациялары менен тааныштырышты. Бул менен бирге педагогикалык кырдаалдан чыгуу, педагогикалык-психологиялык тест тапшырмаларын аткарышып, бири-бирине өз ара суроолорду беришип, сынак жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.
Иш чарага Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун Усулдук уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Абдыкерим Муратов, аталган борбордун Усулдук бирикме башчысы Орозбү Сулайманова, Ош мамлекеттик университетинин доценти Асылбек Айтмамбетов жана Ош облусунун билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин эмгекти коргоо жана укуктуулук боюнча башкы техникалык инспектору Эшболот Ажиматовдор калыстык кылышты.
Жыйынтыгында 3-орунду Өзгөн районунан келген “Кыргыз даамы” ийриминин мугалими Майрамгүл Кожоева, 2-орунду Чоң-Алай районунан келген “Жаш жол сакчысы” чыгармачылык ийриминин мугалими Акмарал Маматкадырова, ал эми 1-орунду Облустук балдар чыгармачылык борборунун “Сыйкырдуу ийне” көркөм кол өнөрчүлүк ийриминин мугалими Зульфия Тайчабарова ээледи. Жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу тарабынан диплом жана баалуу белектер таршырылды. Ошондой эле окуу жай тарабынан да Ардак грамота жана белектер ыйгарылды.
Белгилей кетсек, сынакта баш байгени багындырган катышуучу эми алдыда 5-октябрь Мугалимдер күнүнө карата өткөрүлүүчү республикалык турда өзүн сынайт.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro