ӨЗБЕКСТАНДА ӨТКӨН ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШТЕ ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ИЙГИЛИКТЕРДИ ЖАРАТТЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ӨЗБЕКСТАНДА ӨТКӨН ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШТЕ ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ИЙГИЛИКТЕРДИ ЖАРАТТЫ
30 сентябрь 2024
20

ӨЗБЕКСТАНДА ӨТКӨН ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШТЕ ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ИЙГИЛИКТЕРДИ ЖАРАТТЫ

ӨЗБЕКСТАНДА ӨТКӨН ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШТЕ ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ИЙГИЛИКТЕРДИ ЖАРАТТЫ
Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн кикбоксинг боюнча “Дүйнө кубогу-2024” Эл аралык турнири жыйынтыкталды.
Ага ылайык дүйнөнүн төрт бурчунан келген катышуучулардан жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Катарда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дене тарбия факультетинин студенттери да алдыңкы орундарга ээ болуу менен жеңүүчү аталышты.
Мында дт-24-2 тайпасынын студенти Кутман Максатбеков 2-орунду, дт3-22 тайпасынын студенттери Үсөн Абдывахапов жана Асан Абдывахапов 2-орундарды, ал эми дт-23-2 тайпасынын студенти Актилек Осмонжанов 3-орунду багындырып, диплом, кубок жана медалдарга ээ болушту.
Аталган студенттер мелдешке дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын окутуучусу, бокс, кикбоксинг боюнча спорт чебери, тренер Махаматсадык Эркинбаевдин жетекчилиги менен катышты.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro