ОшМПУда ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРГЕ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРГЕ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
1 октябрь 2024
22

ОшМПУда ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРГЕ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

ОшМПУда ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРГЕ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде чет өлкөлүк студенттердин Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби боюнча атайын жыйын өткөрүлдү.
Жыйынды окуу жайдын тарбия иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору Мунарбек Назымов жетектеп, ага КР УКМКнын Чек ара кызматынын өкүлү, полковник Мелис Памиров жана милициянын полковниги Марат Исмаилов, факультет методисттери жана чет өлкөлүк студенттер катышты.
Мында чет өлкөлүк студенттердин Тышкы миграцияны эсепке алуу бирдиктүү системасында коюлган чектөөлөрдүн себебинен Кыргызстанга кире албай жаткандыгынын себеби тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле чет элдик студенттердин өлкө ичинде каттоого туруусу, виза меселеси жана жобонун талаптары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы №541 токтому менен бекитилген “Чет элдик жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби жөнүндө” жобосунун негизинде уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro