ОшМПУда 1-ОКТЯБРЬ ЭЛ АРАЛЫК КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда 1-ОКТЯБРЬ ЭЛ АРАЛЫК КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ӨТТҮ
1 октябрь 2024
38

ОшМПУда 1-ОКТЯБРЬ ЭЛ АРАЛЫК КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ӨТТҮ

ОшМПУда 1-ОКТЯБРЬ ЭЛ АРАЛЫК КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата кайрымдуулук акциясы уюштурулду.
Акция окуу жайдын гуманитардык факультетинин социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан өткөрүлүп, ага факультеттин окутуучулар жамааты жана студенттери активдүү катышуу менен ыктыярдуу түрдө каражат чогултуп беришкен.
Иш чара кафедранын окутуучусу Айзирек Курманбекованын жетекчилиги менен “Ар бир адам улгаят, ошондуктан карыларга көрсөтөлү сый-урмат!” аталышында өттү. Мында ыктыярчылар чогулган каражатка Ош шаарындагы жардамга муктаж, улуу муундагы жарандардын үй-бүлөсүнө азык- түлүк баштыкчаларын алып барышып, ак баталарын алып кайтышты.
Бул сыяктуу кайрымдуулук акциялар студенттерди боорукерликке, камкордукка чакыруу, сый – урмат көрсөтүүгө тартуу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro