ОшМПУнун ЖАМААТЫ КЕСИПТИК МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун ЖАМААТЫ КЕСИПТИК МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ
2 октябрь 2024
33

ОшМПУнун ЖАМААТЫ КЕСИПТИК МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ

ОшМПУнун ЖАМААТЫ КЕСИПТИК МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин профессордук-окутуучулар жамааты кесиптик майрамын белгилешти.
Ага ылайык окуу жайда үзүрлүү эмгектенип жаткан жалпы окутуучулар майрамдык салтанатка өзгөчө маанайда катышып, бир топ окутуучуларга жана илимдин кандидаттарына министрликтин, мэриянын, облустун, кесиптик бирликтин жана окуу жайдын сыйлыктары тапшырылды.
Ошондой эле кесипкөй окутуучуларга агартуу тармагындагы көп жылдык ак эмгеги, келечек муунга татыктуу тарбия берүүдөгү ийгиликтери, окуу жайдын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Бул менен бирге майрамдык кечеде катышуучулар үчүн лотерея ойнотулуп, бир топ баалуу белектер тапшырылды. Сыйлоо аземинен соң майрамдык кече андан ары уланып, жогорку маанай менен жыйынтыкталды.
Ардактуу агартуу тармагында эмгектенген түмөн түйшүктүү, ары сүйкүмдүү асыл кесип ээлери! Мындан ары да жаштарга сапаттуу билим берип, мыкты келечек ээлерин тарбиялап, коомдун, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жүрө беришиңиздерге тилектешбиз. Кесиптик майрамыныздар кут болсун!  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro