ОшМПУда “САБАТТУУ БОЛ” ТИЛ ӨНӨКТҮГҮНҮН АЛКАГЫНДА СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда “САБАТТУУ БОЛ” ТИЛ ӨНӨКТҮГҮНҮН АЛКАГЫНДА СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ
8 октябрь 2024
20

ОшМПУда “САБАТТУУ БОЛ” ТИЛ ӨНӨКТҮГҮНҮН АЛКАГЫНДА СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

ОшМПУда “САБАТТУУ БОЛ” ТИЛ ӨНӨКТҮГҮНҮН АЛКАГЫНДА СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Сабаттуу бол” тил өнөктүгүнүн алкагында семинар өткөрүлдү.
Иш чара окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору жана кадрлар бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага университеттеги факультет лоборанттары жана тескөөчү кызматкерлери катышты.
Мында мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башкы адиси Бектур Исамидин уулу алгач “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аталышында семинар өттү. Андан соң “Мекеним-Кыргызстан” темасында жат жазуу иши алынып, катышуучулар тил жөнүндө электрондук форматта тест белгилөө менен өз билимдерин сынашты.
“Окуу жайдагы иш кагаздарын жүргүзүүдө лаборонттардын жана тескөөчү кызматкерлердин орду абдан чоң болгондуктан, алардын иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзө билүүсү да орчундуу маселелердин бири. Бул иш чара да жогоруда аталган кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында уюштурулду” – дейт Бектур Исамидин уулу.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro