ОКУУ ЖАЙДЫН 1-КУРСТАРЫ ОРТОСУНДА МЕЛДЕШ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОКУУ ЖАЙДЫН 1-КУРСТАРЫ ОРТОСУНДА МЕЛДЕШ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ
14 октябрь 2024
11

ОКУУ ЖАЙДЫН 1-КУРСТАРЫ ОРТОСУНДА МЕЛДЕШ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ

ОКУУ ЖАЙДЫН 1-КУРСТАРЫ ОРТОСУНДА МЕЛДЕШ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайга жаңыдан келген 1-курстун студенттери ортосунда спорттун 5 түрү боюнча мелдеш старт алды.
Ага ылайык бүгүн мелдештин ачылуу аземи өткөрүлүп, командалар чучук-улак тандоо менен алгач волейбол оюнуна киришип, мелдеш учурда кызуу жүрүүдө. Иш чара студенттерди дене тарбиялык жана руханий жактан өнүктүрүү, спортко болгон жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана жаштар арасында мыкты спортчуларды аныктоо максатында дене-тарбия факультети, профсоюз комитети жана жаштар комитети тарабынан уюштурулууда.
Алдыда катышуучулар спорттун тогуз коргоол, шахмат, стол теннис, футбол түрлөрү боюнча таймаш курушат. Натыйжада мыкты оюн көрсөтүп, өзгөчө даярдык жана шамдагайлык менен катышкан жаш спортчулар университеттин курама командасына кабыл алынмакчы.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro