МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОМИССИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ МЕЛИС МУРАТАЛИЕВ ОшМПУда » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОМИССИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ МЕЛИС МУРАТАЛИЕВ ОшМПУда
16 октябрь 2024
8

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОМИССИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ МЕЛИС МУРАТАЛИЕВ ОшМПУда

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОМИССИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ МЕЛИС МУРАТАЛИЕВ ОшМПУда
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев менен жолугушуу өткөрүлдү.
Иш чарага университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков баштаган профессордук-окутуучулук жамаат жана студенттер катышты. Ага ылайык улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышуучуларга "Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил" темасында кеңири баяндама жасады.
Мында лектор мамлекеттүүлүктүн түптөлүшү, эгемендиктин жана көз карандысыздыктын баалуулугу, мамлекет куруу тажрыйбаларынын мисалдары жана кыргыз элинин байыркы тарыхын, нарк-насилин, маданиятын, салт-санаасын, “Манас” эпосун, философиясын, дүйнө таанымын мамлекеттик тил аркылуу таанытуу менен жарандык аң сезимди калыптандыруу туурасында маалымат берди.
Бул менен бирге мамлекеттүүлүк менен мамлекеттик тилдин өз ара тыгыз байланышын жана маанисин ачып берип, катышуучуларды бир топ кызыктырган суроолорго жооп берүү менен лекцияны жыйынтыктады.
Белгилей кетсек аталган саамалык мамлекеттүүлүктү бекемдөөдөгү мамлекеттик тилдин маанисин ачып берүү, студенттердин атуулдук активдүүлүгүн көтөрүү, мекенчилдик аң-сезимин калыптандыруу максатында уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro