ОшМПУда АГАРТУУЧУ СЫДЫК АЛАЙЧИЕВДИН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда АГАРТУУЧУ СЫДЫК АЛАЙЧИЕВДИН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ
21 октябрь 2024
69

ОшМПУда АГАРТУУЧУ СЫДЫК АЛАЙЧИЕВДИН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ

ОшМПУда АГАРТУУЧУ СЫДЫК АЛАЙЧИЕВДИН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Сыдык Алайчиевдин 130 жылдыгына карата Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.
Саамалыкка келген конокторду алгач университеттин ректору Бекмурза Зулуев тосуп алып, алгач катышуучулар үчүн окуу жайдын жаңы имаратына кыскача экскурсия уюштурулду. Мында Сыдык Алайчиевдин ырларынан обон созулуп, сахналык көрүнүштөр аткарылып, жасалма интеллекттин жардамы менен слайддар көрсөтүлүп, сүрөт көргөзмөлөр коюлду.
Андан соң иш чаранын расмий бөлүгү чоң жыйындар залында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Түрксойдогу расмий өкүлү Канат Мамбеталиев, КРнын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты Бекмурза Эргешов, Башкырт мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору профессор Салават Сагитов, ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев, Казакстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Мухтар Карибай, КРнын атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси, Сыдык Алайчиевдин небереси Данияр Сыдыков, окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров, окутуучулар жана студенттер катышты.
Конференция “Агартуучулук-билим берүүнүн өзөгү” аталышында өтүп, катышуучулар Алайчиевдин өмүр жолун чагылдырган тасмага күбө болушту. Андан соң коноктор тарабынан Сыдык акындын эмгегин даңазалаган куттуктоо сөздөрү айтылды. Бул менен бирге пленардык жыйында КРнын Эмгек сиңирген мугалими, т.и.д., профессор Балтагул Нурумбетов, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти Чынара Салиева, ОшМПУнун улук окутуучусу Калипа Жаанбаевалар баяндама жасашты. Ал эми секциялык иштер алдыда саат 16:00гө чейин уланат.
Маалымат иретинде, Сыдык Алайчы уулу (Бала ырчы) 1894-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кыргыз-Чек кыштагында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 16 жашында эле элге чыгып ырдап, өзүнүн жетимдик күндөрүн ырга салган. Өзүнүн терең жана мазмундуу ырлары менен жалпыга таанылып, чакан келбетине карап бала ырчы атка конгон. Акын таланттуу ырчылык өнөр менен бирге эле айылдык чыгаан агартуучу катары 26 жыл педагогдук кызматты да аркалаган. Ал “Кыргыз ССРинин мектептерине эмгек сиңирген мугалим”, “Ардак белгиси” мамлекеттик ордени, “Эл агартуунун отличниги” наамдары менен сыйланган. Сыдык Алайчы уулунун ысымы туулган жериндеги чоң көчөгө жана айылындагы №87 инновациялык мектеп-гимназия комплексине ыйгарылган. Төкмө акын бул жарыкчылыкта 91 жыл өмүр сүргөн.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro